Марал Радиосу

Ухандын ооруканаларында коронавирус менен катталган бир да бейтап калган жок

Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканаларында коронавирус менен жаткан бир да бейтап калган жок. Блу тууралуу аталган өлкөдөгү саламаттыкты сактоо комитетинин расмий өкүлү Ми Фэн кабарлады.

— Дарыгерлердин күжүрмөн эмгеги жана медиктерге колдоо көрсөткөн жарандардын жардамы менен 26-апрелге карата Ухандагы ооруканаларда коронавирус инфекциясы менен келип түшкөн бейтаптар калган жок,- деди Ми Фэн брифинг учурунда.

2019-жылдын соңунда Хубэй провинциясындагы Ухань шаары коронавирустун жайылган очогу болду.

26-апрелге карата Кытайда бир сутка ичинде 11 адамдан коронавирус инфекциясы тастыкталган.


Пандемия учурундагы Рамазан айы: дүйнөдөгү көрүнүш (фото)

Exit mobile version