Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканаларында коронавирус менен жаткан бир да бейтап калган жок. Блу тууралуу аталган өлкөдөгү саламаттыкты сактоо комитетинин расмий өкүлү Ми Фэн кабарлады.
— Дарыгерлердин күжүрмөн эмгеги жана медиктерге колдоо көрсөткөн жарандардын жардамы менен 26-апрелге карата Ухандагы ооруканаларда коронавирус инфекциясы менен келип түшкөн бейтаптар калган жок,- деди Ми Фэн брифинг учурунда.
2019-жылдын соңунда Хубэй провинциясындагы Ухань шаары коронавирустун жайылган очогу болду.
26-апрелге карата Кытайда бир сутка ичинде 11 адамдан коронавирус инфекциясы тастыкталган.