Connect with us

Пандемия учурундагы Рамазан айы: дүйнөдөгү көрүнүш (фото)

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 1088 | 0

Коронавирус пандемиясы ыйык Рамазан айында мусулмандарды мечитке караганда, көбүнчө үйдө отурууга мажбурлап турган чагы.

Дүйнө мусулмандарынын Орозо учурундагы көрүнүшүн «Нью-Йорк Таймс» басылмасы жарыялады.

Көпчүлүк мамлекеттерде коронавирустун жайылуу коркунучунан улам көп адамдардын бир жерде чогулушун алдын алуу үчүн мечиттер да убактылуу жабылган.

Шартка байланыштуу ыйык Рамазан айында үйдө отуруп, ибадат кылууга туура келип турган учур.

Индонезияда ифтар үчүн тамак таратууда, Йогуакарта

Париждеги чоң мечит жабык бойдон турат

Таиланддагы Ислам борборунда намаз окуу, Бангкок

Коронавируска чейин Аюп мечити бир да жолу жабылган эмес, Бруклин, Нью-Йорк

Дайыма адам жыш болчу Жамма мечитинин каалгасы, Нью-Дели

Ооз ачуу учуру, Мумбай

Мичиган штатындагы Аль-Салаам мечити, Дирборн. Бул аймак Америкадагы мусулмандар жыш жайгашкан жер болуп саналат

Стамбулдагы Сулейман мечити. Түркия 4 күнгө коменданттык саат жарыялады

Намаздан кийинки эс алуу, Лагос, Нигерия

Босния жана Герцеговинадагы Гази Хусрев-бег мечитинин муфтийи, Сараево

Ооз ачуу, Куала-Лумпур

Орозонун алгачкы күнүндөгү жума намазы, Иерусалим

Доктор Салех Холаки Калифорниянын түштүгүндөгү Ислам борборунда онлайн намаз өткөрүүдө, Лос-Анжелес

Үйдөгү жума хутбасы, Йоханнесбург

Дал көлүнүн боюндагы намаз, Кашмир

Атасы менен кызы ооз ачуу учурунда, Жидда

Мечитте социалдык дистанцияны сактоо менен окулган намаз, Исламабад

Орозонун алгачкы күнү, Кабул

Ооз ачуу үчүн даярдалган көчө тамагы, Янгок, Бирма

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM