Биз менен байланышыңыз

Орозодогу «болот-болбойт»: Чубак ажынын кеңештери

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 9732 | 2

13-апрелден тарта Орозо айы башталып, ооз бекитилет. Ислам дининин талабына ылайык, балакатка жеткен жана ден соолугу чың адамдар үчүн орозо кармоо парз болуп эсептелет. Ошого карабастан коомчулукта ар кандай суроолор пайда болот. Биз мындай соболдорго жооп тапканга аракет кылдык. Орозо тууралуу маалыматтар маркум Чубак ажы Жалиловдун «Марал» радиосу аркылуу берген сабактарынан топтолду.

Ниет маанилүү

Орозо кармоо үчүн адамдын ниет кылуусу шарт. Ал үчүн үнүн чыгарып же ичинен «ниет кылдым» деп айтуусу шарт эмес. Ооз бекитүүгө жүрөктүн каалоосу жетиштүү болот. Эртең менен ооз жабуу үчүн турганыңыз ниет катары саналат. Бирок айрым аалымдар жогорудагыдай негизде ниетти ооз менен айтуу керек деген ойду карманышат. Жыйынтыгында, эки түрдөгү ниет тең туура болуп эсептеле берет. Бирок ооз менен айтып коюп, жүрөгүндө орозо кармоо ниети жок болсо, өтпөйт. Ошондой эле орозонун ар бир күнүнө өзүнчө ниет кылынат, «отуз күндүк орозого ниет кылдым» деп жалпы бир айтуу туура эмес. Ал эми эртең менен ооз бекитип, күндүн жарымына келгенде орозону бузууга ниет кылса да, орозо бузулбайт. Орозо бир гана убакыттын келиши жана ар кандай аракеттин арты менен гана бузулат.


Чубак ажынын таасирдүү сөздөрү, учкул ойлору


Уктап калсаңыз…

Ооз бекитүүгө тура албай калган адам эч нерсе жебей туруп, ойгонору менен дароо ниет кылуусу керек. Бирок бул жерде маани берилиши керек болгон бир жагдай бар. Сиз 12ге чейин туруп, дароо ниет кылсаңыз жарай берет. Кээде ооз бекитүү убагынан көп өтпөй ойгонуп же унутуп калып, суу ичип алып ниет кылгандар бар. Мындай орозо өтпөйт. Ал эми саат 12ден кийин ниет кылынган орозо да кабыл болбойт.

Саарлыкка туруңуз. Бул – сүннөт.

Эрте менен саарлык ичүү – сүннөт. Ооз ачар маалында тоюп жеп алып, эртең менен тамактанбай коюу – туура эмес. Анткени орозонун максаты – ашказанды кичирейтип, аны эс алдыруу. Ошол үчүн ооз ачканда чектен ашыкча жеп алган учурлар болот. «Көп жеп алып, ичиң жарылса, сооп болот» деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Мухаммед пайгамбар да: «Саарлыкка тургула, анда береке бар», — деп осуят кылган. Дагы бир көңүл бурулушу керек болгон жагдай, ооз бекитүү убактысына аз калганда жабуу керек. Мисалы, 4:05те ооз бекитилиши керек болсо, күтүп 2-3 мүнөт калганда жабуу керек. Бир-эки саат мурда жеп, жаап койгон жакшы эмес.

Мусулмандын орозосунун өзгөчөлүгү – саарлык жегенинде. Эгерде чаңкап калуудан корксоңуз, тамактан соң 200-400 грамм жылуу суу ичип алсаңыз, суусунуңуз канып жүрөт.

Бала эмизген аялга орозо парзбы?

Боюнда бар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат. Буга карабастан орозо кармоого аракет кылуу – көр такыбалыкка жатат. Бул аракет баланын ден соолугуна терс таасирин бериши толук мүмкүн. Эгерде бала 2 жаштан өтүп, өз алдынча тамак жеп баштап, сүткө муктаждык жок болсо, кармоого болот.


Президент, саясатчылардын Чубак ажыны эскерүүсү


Кайсы оорулуулар орозодон бошотулат?

Ооруп жаткан адам орозо кармаса, дарты дагы да күчөп кете турган абалда болсо;

Ооруп жаткан адам орозо кармаса, сакаюусунун мөөнөтү узарып кете турган болсо;

Эч жери оорубай, бирок орозо кармаса, ооруп калуу ыктымалы көп болсо, орозодон бошотулат. Бирок бул себептерди дарыгердин чечими тастыкташы керек. Өз алдынча бүтүм чыгаруу парзды аткаруудан бошотпошу мүмкүн.

Кандай дарылар орозону бузат?

Көзгө тамызылган дарылар орозону бузбайт. Мурунга тамызылып, андан ары тамакка кирип кете турган болсо, орозо бузулат. Кулакка тамызылган май бузат да, суу бузбайт. Мурунга, оозго улам дары чачып турушу керек болгон адамдар бар. Эгерде башты ылдыйга каратып чачып, мурундан же ооздун ичине кирип кетпей турган болсо, жарай берет. Ичине кирип кеткен абалда орозо бузулат.

Таравих кандай окулат?

Азыркы шартка байланыштуу таравих намазы үйдө окулат. Шарияттын талабы боюнча бул намаз 20 рекеттен турат. Үй-бүлө менен окулган учурда атасы имамдыкка чыгып, балдары, жубайы жана кыздары анын артында туруп окуганга уруксат бар. Айрым интернет булактарында намаз шамдан кийин окула берет деген маалымат тараган. Бул таравих куптан намазынан соң гана окулушу керек. Сөзсүз түрдө 20 рекетти 2 же 4 рекеттен кылып, үзбөй окуу керек деген талап жок. Ортодо токтоп, китеп окуп же башка амалдарды кылып, андан соң улантса болот. Онлайн түрүндө жана башка үйдө жашагандар менен чогуу окууга болбойт. Негизи, Куранды хатым кылып окуган жакшы. Эгерде сүрөлөрдү билбесеңиз, билген сүрөлөрдү кайталап окуй берсеңиз, жарай берет.

Карантинде ооз ачардын сообун кантип алабыз?

Негизи, башкаларды ооз ачарга чакырган адам орозо кармагандын сообун алат. Бирок азыркы кырдаалда бул амалды ишке ашырууга мүмкүн болбой турат. Ошол үчүн жардамга муктаждарга же орозолорго каржылык жаткан жардам берип, болбосо азык-түлүк алып барып берүү да ошондой эле соопко ээ кылат.

Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак (фотобаян)

2 пикир

2 пикир

  1. Неля

    24.04.2020 13:56

    Чубак ажыга кантип, кайсы вотсапка суроо берсек болот, жана жообун качан укса болот? Рахмат чоон.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM