Марал Радиосу

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ошондой эле берген арызына ылайык, Ташпаева Назгүл Аскеровна Президент  Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-кызматы билдирди.