Биз менен байланышыңыз

Жеңишбек Жумакадыр: Сенин алдыңда ырдап турбай, ыйлап турам деп эч ойлогон жок элем

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 6974 | 2

Бүгүн акын Элмирбек Иманалиевдин коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Актаңдай акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында дүйнө салды. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмакчы.

Ак таңдай акындын жакын досу, кесиптеши Жеңишбек Жумакадыр коштошуу зыйнатында Элмирбектин аты, таланты өчпөй турганын белгиледи:

Сенин алдыңда ырдап турбай, ыйлап турам деп эч ойлогон жок элем. Көз жумгандан бери ыйлап жатып жаш түгөндү, уйку көрбөдүк.

Элмирбекти көргөн ар бир инсан, колун кармаган, өзүн жандаган, сүйгөн, ким Элмирбекти көрсө, мен Токтогулду көрдүм, Эшмамбетти көргөм, Атай, Ниязалыны көргөм десе, эч жаңылбайт деп ойлойм. Анткени, досум улуу инсандарда кандай өнөр болсо, ошонун баарын боюна сиңирип, Токтогул мындай ырдаган, Ниязалы мындай комуз черткен, Саякбай мындай манас айткан деп бизге көрсөтүп кетти.

Элмирбек досум өлгөн жок, ал түбөлүк жашайт.

Алыстап бизден бекиндиң, досум,

Арманга салып эзилдим, досум.

Айтышарга жанымда сен жок,

Азыр мен билсең жетиммин, досум.

Ажалдан алып калалбай,

Алсызбыз бизди кечиргин, досум.

Замандын айткан чындыгын Элмир

Санатың жашайт миң кылым Элмир.

Жылт эткен өмүр бизде да бүтөт,

Жылмайып күтүп тургунуң, Элмир.

Коштогон арман кургурум, Элмир

Кош болгун досум, булбулум, Элмир!



Cадык Шер-Нияз: Элмирбек деген ырдын пири эле

2 пикир

2 пикир

  1. Чотонова Элмира

    22.04.2020 13:03

    Аллахым жанын жанаттан кылган болсун. Ичиме чок салгандай ачышып айтарга соз таппай олуптур дегенге оозум барбай аттын тар дуйно деп куноолорго киши таппай калдым.Кыргыз элинин козунун нуру жанып турган жылдызы болгон Элмирбектин Элеси ар бир кыргыз ата уулдун эсинен кетпейт😰😰😰😰😰😰.Аллахым оо дуйносун бере кор.🤲🤲🤲🤲🤲

  2. Жанара

    23.04.2020 21:17

    Аттин ай кана акыныбыз?,
    Асыл зат элен жакыныбыз.
    Арманда кеттин айттырбай,
    Аруузат элен актандай.
    ….

    Айла жок эми тагдыр ушу экенда.
    Бутундой кыргыздын журогун ээлеп алган таланттуу инсаныбыз,биздин мыктыбыз, асыл затыбыз. Жаткан жер жайлуу болсун.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM