Марал Радиосу

Жеңишбек Жумакадыр: Сенин алдыңда ырдап турбай, ыйлап турам деп эч ойлогон жок элем

Бүгүн акын Элмирбек Иманалиевдин коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Актаңдай акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында дүйнө салды. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмакчы.

Ак таңдай акындын жакын досу, кесиптеши Жеңишбек Жумакадыр коштошуу зыйнатында Элмирбектин аты, таланты өчпөй турганын белгиледи:

Сенин алдыңда ырдап турбай, ыйлап турам деп эч ойлогон жок элем. Көз жумгандан бери ыйлап жатып жаш түгөндү, уйку көрбөдүк.

Элмирбекти көргөн ар бир инсан, колун кармаган, өзүн жандаган, сүйгөн, ким Элмирбекти көрсө, мен Токтогулду көрдүм, Эшмамбетти көргөм, Атай, Ниязалыны көргөм десе, эч жаңылбайт деп ойлойм. Анткени, досум улуу инсандарда кандай өнөр болсо, ошонун баарын боюна сиңирип, Токтогул мындай ырдаган, Ниязалы мындай комуз черткен, Саякбай мындай манас айткан деп бизге көрсөтүп кетти.

Элмирбек досум өлгөн жок, ал түбөлүк жашайт.

Алыстап бизден бекиндиң, досум,

Арманга салып эзилдим, досум.

Айтышарга жанымда сен жок,

Азыр мен билсең жетиммин, досум.

Ажалдан алып калалбай,

Алсызбыз бизди кечиргин, досум.

Замандын айткан чындыгын Элмир

Санатың жашайт миң кылым Элмир.

Жылт эткен өмүр бизде да бүтөт,

Жылмайып күтүп тургунуң, Элмир.

Коштогон арман кургурум, Элмир

Кош болгун досум, булбулум, Элмир!



Cадык Шер-Нияз: Элмирбек деген ырдын пири эле