Бир сутка ичинде жалпысынан 15 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Айыгып, үйлөрүнө чыгарылган 15 адам төмөнкү региондордон:
Бишкек шаары – 4;
Нарын облусу – 1;
Ош облусу – 4;
Ош шаары – 6.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпы вирус жуктургандардын саны 590го жетти. Анын 216сы айыкса, 7 адам каза тапкан.