Марал Радиосу

Акын Элмирбек Иманалиевдин өмүр баяны, чыгармачылыгы, жетишкендиктери…

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актаңдай төкмө акын, обончу, дастанчы, манасчы, актер Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Акын 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында катарынан бөлүнүп, дүйнөдөн көчтү.

Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон.

Чыгармачылыгы:

Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына ырдап чыккан. Элмирбектин таланты тууралуу кабар белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш өнөрпозду борборго алдырган.

Эльмирбек Иманалиев 1993-жылдан бери бир канча ирет айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.

Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык «Сейтек» борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Иманалиев көп өнөрдү аркалагандардын бири болчу. Өмүрү өткөнгө чейин «Айтыш» коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты болгон.

Ырчы, обончу катары «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» аттуу чыгармалары менен белгилүү болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланган. Анын ырлары эл арасында болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон.

Үй-бүлөсү:

1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп эки кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат аттуу айымга үйлөнгөн, учурда жубайлардын үч баласы бар.

Жетишкендиктери:
1993-жылы Бишкек шаарында өткөн «Актаңдай 93» акындар айтышында баш байге ээси;
1994-жылы А. Үсөнбаевдин 100 жылдык мааракесине арналып, ал айткан дастандарды айтуу боюнча Республикалык сынакта 2-орун;
1997-жылы «Жалгыздыкттан жадап бүттүм» аттуу обондуу ыры «Жылдын эң мыкты ыры» наамына татыган;
2000-жылы Жалал-Абад шаарында өткөн «Курманбек 500»Курманбек баатырдын мааракесине арналып, эпосту айтуучулардын Республикалык конкурсунда – Баш байге ээси;
2000-жылы Бишкек шаарында өткөн Жеңижок акындын 140 жылдык мааракесине арналган Эл аралык акындар айтышында Баш байге;
2001-жылы А. Огомбаевдин 100 жылдыгына арналып, «Манас Ордодо» өткөн «Талас таңшыйт» Эл аралык фесивалындагы акындар айтышында – Баш байге ээси;
2001-жылы Бишкек шаардык мериясынын «Талант — 2001» фестивалында автордук ырлар боюнча «Булбулум ай» аттуу ыры менен 2 жолу 1-орунду ээлеген;
2002-жылдын 2-мартында жаз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн Республикалык айтышта – Баш байге ээси;
2002-жылы «Айтыш — 2002» Эл аралык айтышында – Баш байге ээси.
2002-жылы Казакстандын эгемендик күнүнө арналып Түркстан шаарында өткөн Эл аралык айтышында 3-орун;
2002-жылы Казакстандын Оң түштүк Казакстан облусунун 70 жылдык урматына арналып Шымкент шаарында өткөн Эл аралык айтышта – 2-орун;

2002-жылы Айтылуу Ашыраалы Айталиевдин 75 жаш кутман курагына арналып өткөн Эл аралык айтышта – Баш байге ээси;
2003-жылы Казакстандын борбору Астана калаасында өткөн Эл аралык айтышта – 1-орун;
2003-жылы Ат-Башы жергесинде өткөн «Казыбек казалчыга 100 жыл» Респуликалык айтышта – 1-орун;
2003-жылы эгемендүүлүк күнүнө карата, «Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына» арналган Эл аралык «Айтыш — 2003» сынагында – Баш байге ээси;
«Айтыш — 2004», «Айтыш — 2005», «Айтыш — 2007», Эл аралык жана Республикалык айтыштардын ардактуу мейманы катары катышып келет;
2008-жылы Президенттин кубогуна арналган Эл аралык айтышта 1-орун;
2009-жылы КР эгемендүүлүгүнө арналган Президенттин кубогуна карата Эл аралык айтышта 2-орун;
2010-жылы Мамлекеттин оор кырдаалында акын катары көч башында турган;
2011-жылы Барпы Алыкуловдун 120-жылдыгына арналган Республикалык айтышта Баш байге ээси;
2012-Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгына арналган Республикалык айтышта Баш байге ээси;
2013-жылы Нооруз майрамына арналган эл аралык айтышта Баш байге ээси;
2013-жылы Райкан Шүкүрбековдун 100-жылдыгына арналган Эл аралык айтышта Баш байге ээси болгон.
Кыргыз Улуттук академиялык тетарында коюлган С. Алтымышевдин «Токтогул» драмасында – башкы ролдо Токтогулдун образын жаратты.
Булардан сырткары, Манас баштаган жана башка дастандарды айтып, бир катар эл сүйүп уккан обондорду жараткан.

2006 — август
Нурсултан Назарбаев, Казакстандын тунгуч президенти
Элмирбек! Кыргызды анан ырды сүйгөн казакта эки гана адам болсо анын бири — мен, эгер бир гана адам болсо ал — мен. Чабытың өссүн балам. Казактын ыр, обондорун казак өнөрпоздорунан ашса ашыра, асты кем эмес аткарат экенсиң. Сенин авазыңа жарашкыдай казактын дагы көп термелери, ырлары бар ошолорду үйрөнүп аткарып жүрсөң болор эле.

11.04.2002
Кулбек Ергөбек, Филология илимдеринин доктору профессор, адабият сынчысы
Урматтуу иним, Элмирбек! Сен бүгүн казак талаасын обонго бөлөдүң. Казак калкын өз ырың менен багынтып алдың. Өнөр өрүнө өрлөй бер!

26.10.2005
Жусуп Мамай, Залкар манасчы, кытайлык кыргыз:
Көзүңдү көрдүм,
Сөзүңдү уктум,
Кумардын чыктым.
Элиңде дайым эсен бол,
Эл ичинде анык, айкын месел бол!

Түгөлбай Казаков, КР эл артисти, обончу:
Чыныгы обончулук Асанкалый Керимбаев менен бүттүбү деп кооптончу элем. Жок, бар экен, кийинки обончу жаштар арасында Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” деген обону не деген керемет обон.

Exit mobile version