Марал Радиосу

COVID-19: Жалпы 140 медкызматкерден аныкталды

Бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу брифинг учурунда айтылды.

Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 учур. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 учур катталды.

COVID-19 жуктуруп алган 140 медициналык кызматкердин ичинен:
Дарыгерлер – 39;
Орто медкызматкерлер – 58;
Кичүү медкызматкерлер – 23;
Башкалар – 20.

Вируска кабылгандардын ичинен 10дон ашыгы айыгып чыкты.


20-апрель: Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду