20-апрелге карата бир сутка ичинде COVID-19 вирустук илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандарда кошумча өнөкөт ооруулары болгондугуна байланыштуу медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен аман алып калуу мүмкүн болгон эмес.
Көз жумгандар: Чүй облусунан бир аял киши 70 жашта, Ош шаарынан бир эркек киши 79 жашта болгон.
Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.
Дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 568