Бир сутка ичинде жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Региондор боюнча алсак:
Бишкек ш. – 10
Нарын облусу – 1
Ош облусу – 42
Ош ш. – 7
Жалал-Абад облусу – 7
Баткен облусу — 1
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.