Марал Радиосу

Министр «Сары-Өзөн» базарын кыдырып, азык-түлүктүн бааларын карап чыкты

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркин Чодуев Бишкектеги «Сары-Өзөн» базарын кыдырып, жашылча-жемиш, азык-түлүктүн бааларын карап чыкты.

Бул тууралуу видеону блогер Нургазы Мусаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Министр жашылча, азык-түлүк саткан соодагерлер менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.

Министр өзгөчө айыл чарба продукцияларынын бааларына жана аларды ташып келүүдөгү тоскоолдуктарга кызыкты.

Чодуев Нарындан картошка, Оштун Араван районунан капуста ташып келип саткан ишкерлерден жолдогу тоскоолдуктарды сурады.