Марал Радиосу

Нарынга дагы 2 топ ыктыярчы дарыгерлер жиберилди

Коронавирус менен күрөшүүгө Нарын облусуна эки дарыгерлер тобу жөнөтүлдү. Алардын курамында нейрохирург, эпидемиолог, балдар инфекционисти жана кардиолог адистери бар. Бул тууралуу Республкалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Өз каалоосу менен кеткен дарыгерлер Ат-Башы жана Жумгал райондорундагы кесиптештерге жардам беришмекчи. Эскерте кетсек, региондорго ушуну менен 7 жана 8-дарыгерлердин тобу жөнөтүлдү.