Марал Радиосу

Обсервацияда 857 адам кармалып турат

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда обсервацияда 857 адам карамлып турат. Бул тууралуу брифингде cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон адамдардын саны 7 593тү түзөт. Оорулуулар менен өтө тыгыз байланышта болгондордун саны — 1 612. Ал эми оорулуулар менен байланышта болгон экинчи категориядагы адамдардын саны — 5 981.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 489 учур белгилүү. Оорудан 114 адам сакайып кетсе, бешөө көз жумган.