Бишкектин Свердлов райондук соту шаарда акча салынган терминалды уурдап кеткен үч адамды үй камагына чыгарды. Мындай чечим 14-апрелде чыгарылганын Жогорку соттун маалымат кызматы бүгүн билдирди.
Буга чейин ичинде 61 500 сом салынган терминал уурдалганы айтылып, бир апта өтпөй бул ишке шектүү катары үч киши кармалган.