Марал Радиосу

Абактагыларга мунапыс берилет

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдык урматына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин депутаттары түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга мунапыс берүүчү мыйзам долбоорун сунуш кылышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, жашы 60тан өткөн эркектерге, 55тен өткөн аялдарга, 18 жашка чыга элек экиден аз эмес балдары бар жана 1-2-топтогу майып балдары бар адамдарга мунапыс берүү, ошондой эле алгачкы жолу кылмыш кылып отургандарды түрмөдөн бошотуу маселеси каралды.

Бул мыйзам долбоорунун автору Мирлан Бакиров Кыргызстанда 9500дөн ашуун адам абакта отурганын билдирди.

Абактагыларга мунапыс берүүчү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.