Марал Радиосу

Ошто пенсиялар үйлөргө жеткирилип берилүүдө

Ош облусунун аймагында «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери атайын коргоочу кийимдери менен пенсияларды жарандардын үйлөрүнө жеткирип берүүдө. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин почтанын кызматкерлери коопсуздукту сактоо боюнча окуудан өтүшкөн. Учурда «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери РОS-терминалдардын жардамы менен пенсияларды өз дарегине жеткирүүдө.

«Кыргыз почтасынын» жетекчилиги пенсионерлерди банкка жана банкоматтарга барбай, почтанын кызматкерлерин күтүүгө чакырат.