Баткен облусунда санитардык карантиндик көзөмөл постторуна видео камералар орнотулууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Облуста 4 негизги, 23 ички санитардык карантиндик көзөмөл посттору коюлуп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Учурда Лейлек районунун кире беришине жана Тажикстан менен чектеш аймактардагы карантиндик посттордо видео камералар орнотулууда.