Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын экс-оюнчусу Рустам Закировдун абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Закировго операция жасалгандан операциядан кийин оор абалда жатат. Футболчуга IV топтогу оң (положительный) резус же башка топтогу кан керек.
Канды Чыңгыз Айтматов көчөсү 37 дарегиндеги Республикалык кан борборунан тапшырса болот. Кан тапшурууда Закиров Рустамжан Нематжановичге экенин жазуу керек.
Рустам Закиров Абдыш-Ата жана Алга командаларынын оюнчусу.