Марал Радиосу

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 700гө жакындады

11-апрель саат 10.00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдардын саны 694кө жетти. Өлкөдө аталган вирустан 42 адам айыгып, үчөө көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Өзбекстанда дарыгерлер коронавирус менен ооругандарды дарылоодо жаңы ыкманы колдоно башташы кабарланган.

6-апрелден тарта Ташкент, Нукус жана облустук борборлордо милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими киргизилген. Бул режимдин чегинде жарандарга тамак-аш, дары-дармек, оорканага баруу жана жумуштан тышкары сыртка чыгууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, ири азык-түлүк базарларына жана супермаркеттерге киргенде жарандардын дене табы өлчөнөт.