Азырынча коронавирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнө элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ал белгилегендей, медицина кызматкерлерине компенсация берүүдөн мурда эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлөт.
— Өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми оорудан каза болсо, 1 млн сомдун тегерегинде компенсация төлөнөт. Бүгүнкү күндө компенсация төлөнө элек. Себеби ар бир учур боюнча комиссия түзүлүп, эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлөт. Комиссия чечим чыгарып, анын сунушунун негизинде кенемте төлөө каралат, — деди Каратаев.
11-апрелге карата Кыргызстанда дагы 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Жалпы илдетти жуктурган дарыгерлердин саны 51ге жетти.
Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 339ге жетти. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.