Марал Радиосу

Баткендиктерге 15-апрелге чейин малды жайлоого айдабай туруу эскертилет

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун тургундарын, коронавирус илдетинен улам жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, 15-апрелге чейин мал жандыктарын жайлоого айдабай турууну эскертет.

Анткени жарандардын массалык мал айдоо аракеттери, өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт. Ошондой эле тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөт.

Жайлоого мал айдоо качан башталаары тууралуу кошумча маалымат берилет.