Марал Радиосу

Баткенге матрезервден 585 тонна ун бөлүндү

Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Бөлүнгөн ундун 104 тонна 400 кг Лейлек районуна жеткирилип, 2088 үй-бүлөгө, 12 тонна 800 кг Сүлүктү шаарында 256 үй-бүлөгө таратылды.

13-апрелде Баткен району жана Баткен шаарына 220 тонна ундун келиши күтүлүүдө. Андан кийинки этапта Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарына алып келүү пландаштырылган.

Материалдык резервден келген ун облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүрүүсүн атайын комиссия көзөмөлгө алууда.