Марал Радиосу

Кытайдан келген гумжардам өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бир жолку комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол каптардан жана бахилалардан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош шаарына, Жалал-Абад шааарына, Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медкызматкерлерге берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ошондой эле 300 даана инфракызыл термометрлер Ош шаарына жана Ош облусуна берилди, Жалал-Абад облусуна – 200 жана Баткен облусуна – 100 даанадан берилди.

Эске салсак, 8-апрелде Кытайдан жалпы суммасы болжол менен 7 млн 690 миң сомго эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар) гуманитардык жардам катары келген.

Ага чейин да Кытай Кыргызстанга COVID-19 дартын аныктоочу 21 миң даана экспресс-тесттерди берген.