Биз менен байланышыңыз

Bloomberg: Вирустун дүйнөлүк экономикага келтирилген зыяны 5 триллион доллардан ашат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 652 | 0

Коронавирустук инфекциянын жайылуусунун кесепетинен дүйнөлүк экономикага келтирилген жалпы зыян эки жылда 5 триллион доллардан ашат.  Бул тууралуу Bloomberg басылмасына шилтеме берип ТАСС агенттиги жазды.

«Дүйнө 1930-жылдардан бери тынчтык мезгилиндеги эң терең экономикалык рецессияга туш болду. Анткени вирустун кесепетинен бийлик жеке ишкерлерди иштебей, үйдө отурууга буйрук берүүдө. Экономикалык рецессия кыска мөөнөттүү деп болжолдонгонуна карабастан, экономисттер жоготууларды калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынат» — деп айтылат билдирүүдө.

Citigroup банктык компаниясынын башкы экономисти Кэтрин Мэндин айтымында, коронавирустун дүйнөлүк экономикага келтирилген зыяны 5 триллион доллардан ашат.

JPMorgan Chase банкынын эксперттери бул көрсөткүчтү 5,5 трлн долларга баалашат. Алар өнүккөн өлкөлөрдө 2008-2009 жана 1974-1975-жылдардагыдай экономикалык рецессия боло турганын айтышкан.

Америкалык Morgan Stanley банкынын адистери, өнүккөн өлкөлөрдө ИДП көрсөткүчтөрү 2021-жылдын үчүнчү кварталында гана кризиске чейинки деңгээлге кайтып келет деп ишенишет.

Коронавирус инфекциясы 2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань шаарында катталып, дүйнө жүзүнө жайылып, 11-мартта Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан пандемия деп табылды.

Copyright © 2017 Maral FM