Марал Радиосу

Болгариянын депутаттары коронавируска байланыштуу айлык маянадан баш тартты

Болгариянын депутаттары жана министрлер кабинети коронавирус пандемиясына байланыштуу айлык маянадан баш тартты. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги жазды.

Айлык маянадан баш тартуу демилгесин бийликтеги башкаруучу партия сунуштаган. Алардын бул демилгесин парламент депутаттары бир добуштан колдогон. Ошондой эле, депутаттардан соң, министрлер да маянадан баш тарткан. Маалыматта чиновниктердин маяналары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалары айтылат. 

Белгилей кетсек, Болгарияда коронавирус жуктургандардын саны 500дөн ашык. Алардын 20 чактысы каза болду.

Карантиндик зонада иштеген ар бир дарыгерге 46 миң сомдон кошумча акы төлөнөт