Марал Радиосу

Обсервациядагы жарандарга күн сайын 3 маал ысык тамак берилүүдө (видео)

Бишкек шаарында обсервацияда жайгаштырылган жарандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

3 маал ысык тамак-аш өлкө аймактарындагы уюштурулган чет өлкөдөн келген жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларында да берилүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМнин тиешелүү жетекчилерине керектүү жабдыктар, коргоочу костюмдар, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк боюнча маселе болбошу керек экендигин эскерткен болчу.