Марал Радиосу

АКШ ДССУга төлөмдөрүн төлөөнү токтотот

АКШ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна төлөмдөрдү төлөөнү токтотот.Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус боюнча күн сайын өткөрүлүүчү брифинг учурунда айтты. Мындан мурдараак америкалык лидер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө жөндөмсүздүгүн көрсөттү деп айыптаган эле.