Биз менен байланышыңыз

Кытайда жалпы илдетке чалдыккан 1242 адам дарыланууда

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 463 | 0

Кытайда январь айынан бери биринчи жолу коронавирустан бир дагы өлүм катталган жок. Бул тууралуу РБК жазды.

Акыркы бир сутка ичинде Кытайда коронавирустук инфекциянын 32 жаңы учуру аныкталды, алардын бардыгы сырттан келгендерде аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө жалпысынан илдетке чалдыккан 1242 адам калды.

Кытайда коронавирус илдети пайда болгондон бери жалпы 82,6 миң адам аталган вируска чалдыкты. Ошол эле учурда 77 миңден ашуун адам айыгып, 3 400гө жакын адам каза болгон.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухан шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM