Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Москва менен Минсктен тест-системалар алынып келинди

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 373 | 0

Бишкекке Москва жана Минсктен коронавирусту аныктоочу тесттердин реагент жана компоненттери алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусия Кыргызстанга 5 миң ПЧР-тестти реагенттери менен акысыз берген. Бул жардам эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жетишилген макулдашуунун алкагында берилген.

Андан тышкары, бүгүн Бишкекке Кыргызстандын Беларустагы жана Орусиядагы элчиликтеринин көмөгү менен Кыргызстан Беларусиядан сатып алган коронавирусту аныктоочу ПЧР-тесттердин 100 таңгактагы реагент жана компоненттери алынып келген. Ошондой эле Беларус өндүрүүчүсү акысыз түрдө 5 таңгак даяр тесттерди берген.

Бул тест-системалар кечээ, 6-апрелде Кыргызстанга «Екатеринбург-Бишкек» чартердик каттамы менен алынып келинди. Тест-системалар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.

Кыргыз тарап көмөк көрсөткөндүгү үчүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине жана «Урал аба жолдору» авиакомпаниясына ыраазычылык билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM