Марал Радиосу

ММК фонду: COVID-19 вирусуна каршы каражаттар жетиштүү

NOVOSIBIRSK, RUSSIA ñ NOVEMBER 14, 2018: A chemist at an Apteka No 143 pharmacy. Kirill Kukhmar/TASS –ÓÒÒˡ. ÕÓ‚ÓÒË·ËÒÍ. œÓ‰‡Ê‡ ÎÂ͇ÒÚ‚ ‚ ÙËΡΠÏÛÌˈËԇθÌÓÈ ‡ÔÚ˜ÌÓÈ ÒÂÚË "¿ÔÚÂ͇ π 143" ‚ ÷ÂÌÚ‡Î¸ÌÓÏ ‡ÈÓÌ „ÓÓ‰‡.  ËËÎÎ  Ûıχ¸/“¿——

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду азыркы учурда саламаттыкты сактоо уюмдарындагы коронавирус COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү экенин билдирди.

Аталган фонд уюмдарга дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга, анын ичинде, жеке коргонуучу каражаттарына 266,9 млн сом төлөп берди.

Мындан сырткары, ММК фонду саламаттыкты сактоо уюмдарына керектүү дары-дармектерди жеткирип берүү боюнча иштерди алып барууда.

Ошондой эле, дарылоо мекемелерине азыркы учурда дары каражаттарын тикелей келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилет (келишимдерди каттоо мамлекеттик сатып алуулар порталында).

Эскерте кетсек, атайын вируска каршы каражаттар дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга жана айрым учурларда, орто-оор абалдагыларга сунушталат.

Бул топтогу дары-дармектер коронавирус инфекциясынын жеңил формасында жана байланыш түзгөн адамдарга профилактика максатында колдонулбайт.