Биз менен байланышыңыз

БУУ коронавируска каршы күрөштө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 561 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар коронавирус инфекциясынан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаал жөнүндө пикир алышып, анын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын бул багытта көрүп жаткан чараларын белгилеп, ошондой эле келип чыккан көйгөйлөрдү жана өлкөнүн биринчи кезектеги муктаждыктарын белгиледи.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело Сооронбай Жээнбековго БУУнун Кыргызстандагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берди.

Өкмөт менен биргеликте 8 артыкчылык берилген багыт аныкталып, анын алкагында COVID-19 вирусунун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле анын социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча биргелешип иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле, ал 2 млрд АКШ доллары көлөмүндө гуманитардык жардам кылуунун планы жана «COVID-19» менен күрөштү каржылоо үчүн Экономикалык фонд түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Озонниа Ожиело Кыргызстан БУУнун ушул инструменттердин алкагындагы колдоосуна ишенсе болоорун белгиледи.

БУУ системасынын туруктуу координатору илдеттин жайылышынан улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM