Марал Радиосу

Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-апрель күнү саат 04:59да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кызыл-Жар, Жыргалаң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.