Марал Радиосу

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 5-апрель  саат 16:06да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.