Биз менен байланышыңыз

Сузакта бейтаптарды обсервацияга кабыл алган дарыгер каза болду

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 17629 | 1

Сузак аймактык ооруканасында дарыгер пневмониядан (өпкөнүн сезгениши) көз жумду. Ал психиатр болуп иштеген жана коронавирусту жуктурган зыяратчыларды обсервацияга кабыл алган. Дарыгер жуккан адамдар менен тыгыз байланышта болгон. Анда эки тараптуу пневмония жана гипертониялык оору аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Дарыгердин өлүмүнө коронавирус себеп болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ага жүргүзгөн анализдери анда коронавирус жуккандыгын тастыктаган жок. Ал пневмониядан көз жумду» , — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам айыгып, бирөө каза болду. Коронавирус жуктургандардын арасында 9 медкызматкер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM