Марал Радиосу

Бишкекте карантин зонасы кеңейтилди

Бишкек шаарындагы көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери улантылып, карантин зонасы кеңейтилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде онлайн маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал карантин зонасы кайсы көчөлөр менен чектеле турганын айтып берди.

— түштүк багыт — Түштүк магистралга чейин;

— түндүк багыт — Чоң Чүй каналына чейин;

— чыгыш багыт — Чокон Валиханов көчөсүнө чейин (Чолпон-Ата);

— батыш багыт — Садырбаев көчөсүнө (Баха) чейин.

«Аталган көчөлөр жарандар жана унаалар үчүн жабылат, бирок буга чейин жабылган көчөлөр да ачылбайт. Анткени дезинфекция иштери жүргүзүлөт», — деди комендант.

Exit mobile version