Марал Радиосу

Ноокатта милиция кызматкери обсервацияга жаткырылды

Ноокат районунда коронавирус жуктуруп алган деген күмөн менен милиция кызматкери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, андан алынган экспресс-тест оору бар экендигин көрсөткөн.

Эми ПЧР-анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Контакттык экспресс-тесттер вирус жок деген жыйынтык көрсөттү, — деп билдиришти министрликтен.

Кыргызстанда бүгүн, 5-апрелде коронавирус жуктуруп алган жаңы 3 учур катталып, жалпы ооругандардын саны 147 кишиге жетти. Сегиз адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми илдетти жуктуруп алган бир адам каза болду.