Марал Радиосу

Өмүралиев: Чартердик рейсти уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдар убактылуу токтотулганына байланыштуу, бийликтер менен кошумча чартердик рейсти уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жарандардан жазуу жана оозеки жүзүндө өз мекенине кайтуу жөнүндө кайрылуулар келүүдө, ушул себептен Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмесин түзүү улантылууда. 4-апрелге карата Кыргызстанга кайтып барууну каалаган жарандардын жалпы саны 335 адамды түздү.

Чартердик рейсти ишке ашырууга жана уюштурууга бийликтерден уруксат алынгандан кийин, кайрылган жарандарга кошумча маалымат берилет.

Элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн жарандардын тизмеси боюнча үстүбүздөгү жылдын 24-мартында эки тараптын тиешелүү органдары менен биргеликте Анталья-Бишкек чартердик рейси аркылуу 197 жарандын Кыргызстанга кайтуусу камсыз кылынган.