Марал Радиосу

Өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барды

Бүгүн, 4-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өздүк коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учак менен Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, мында санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырып, жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.

Exit mobile version