Марал Радиосу

ӨКМ: Үч айда өрттүн саны 22%га азайды

Ушул жылдын үч ай ичинде республика боюнча 629 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 811 өрт катталган) өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 22,4%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 7 адам каза таап (2019-жылы 20 адам), жана 9 адам жабыркаган (2019-жылы 20 адам — 55%га азайган). Өрттөн 17 адам куткарылган (2019-жылы 26 адам ).

Өрттөрдүн негизги себептери отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан, электр жабдууларын жана мештерди, морлорду этиятсыздык менен колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.

Болуп өткөн өрттөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (178) болгон. Бишкек шаарында (110), Жалал-Абад областында (81), Ош облусунда (85), Ысык-Көл областында (71), Ош шаарында (16) өрт катталган.

Жалпы 629 өрт кырсыктарынын 64,1%ы (403) турак жайларда катталган.