Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 4-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 2…..7.… күндүз: 19……..24°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 2…..7.….күндүз: 19………24°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 4……9….күндүз: 20……..25°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 4……19….күндүз: 20………25°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 1……6..….күндүз: 11……..16°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -3……2…..күндүз: 10.……15°C
4-апрелде Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…….7°C, күндүзү 22………24°C.