Марал Радиосу

Корея Кыргызстанга 50 миң доллар бөлөт

Корея Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 50 миң доллар акча каражатын бөлөт. Бул тууралуу Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Корея өкмөтү ыкчам түрдө Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) аркылуу каражат бөлмөкчү.

«Кыргызстанда коронавирустун жугуу учурлары көбөйүп жаткандыгын жана медициналык жабдыктардын жетишсиз экендигин эске алып, Кореянын өкмөтү KOICA аркылуу ыкчам түрдө жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

50 миң доллар 600 даана бир жолку колдонуучу коргоочу кийимдерди, 1000 даана беткап, 500 даана N95 респиратордук беткап, медициналык көз айнектерди жана кол кап алууга жумшалат.

Exit mobile version