Марал Радиосу

Кыргыз-азербайжан ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кэчээ, 2-апрелде Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Эльмар Мамедъяров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кызматташтыктын учурдагы күн тартибин талкуулашып, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешкен.