Бүгүн, 3-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды, саат 9.00гө карата 9 учур катталган болчу. Жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам айыгып, бирөө каза болду.