Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
3-апрелине карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.
Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.
Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.