Марал Радиосу

УКМК: Өткөрмө уруксат баракчасын саткан милиция камакка алынды

Кечээ, 1-апрелде Бишкек шаардык Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.