Марал Радиосу

Лейлекте атын атагысы келбеген жаран дарыгерлерге тез жардам унаасын белек кылды (фото)

Лейлек районунда атын атагысы келбеген жаран кайрымдуулук иретинде жергиликтүү ооруканага тез жардам унаасын белек кылган. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Сайрагүл Дуулатова жеке баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаасы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын дарыгерлер практикалык борборуна белекке берилген. Муну менен катар 100 000 сом акчалай да колдоо көрсөтүлгөн.