Марал Радиосу

Өткөрүү пункттарындагы кызматкерлерге коргоочу кийимдер берилди

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, Ош шаарында министрдин орун басары Равшан Рысбаев өткөрүү пунктарындагы аскер кызматкерлери жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн тигилген коргоочу-жамынуучу кийимдерди бөлүштүрүүнү уюштуруп, таркатылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу максатында болуп жатат.

Кыргызстандагы санитардык-карантиндик жана блок посттордо иш алып барып жаткан күч түзүмдөрү жана медицина кызматкерлери үчүн 857 даана бирдиктүү жеке коргоочу костюмдар менен камсыздалышты.