Биз менен байланышыңыз

Баткен облустук ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 622 | 0

Баткен облусуна коомдук бирикмелердин бири тарабынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Баасы 23 миң доллар турган өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө орнотулду.

Дарыгерлердин айтымында, облустук ооруканада мындай 9 аппарат бар. Бүгүнкү орнотулган заманбап жабдуу оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоого зор салым кошту.

Мындан сырткары, дарыгерлер үчүн 150 миң сомго көп жолу колдонулуучу 30 комплект коргонуучу каражаттар, 400 миң сомго Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй-бүлөгө азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM